-
Notifications
You must be signed in to change notification settings - Fork 0
/
Copy pathaza-e
1 lines (1 loc) · 14.8 KB
/
aza-e
1
лондондогу баалуу металлдар базарынын ассоциациясы кыргызалтын ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна макамын кайтарып берди былтыр кыргыз өкмөтү кумтөр кенине сырткы башкаруу киргизген соң лондондогу ассоциация кыргызалтынды аталган макамдан ажыраткан эле кыргызалтын ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна же ишеничтүү жеткирүүчү деген макамы кайтарылганы майда лондондогу баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын расмий сайтына жарыяланды анда буга чейинки аудитордук отчетторго байланыштуу текшерүү жыйынтыкталганы жана заводдо өндүрүлгөн алтын менен күмүш тиешелүү талаптарга жооп бергени айтылат чыгарган соңку чечимди кыргыз өкмөтүнөн ырасташты өкмөттүн маалымат кызматы учурда германияда дарыланууга кеткен министрлер кабинетинин төрагасы акылбек жапаровго шилтеме берип министрлер кабинети нын статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт жана жогору баалайт бул чечим оңой болгон жок кыргызалтын ишканасы акыркы жылдагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сыноорлорго чыдап текшерүү процедурасынан татыктуу өтүшү керек эле биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары алкагындагы өз мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык кыргызалтын ишканасынын аффинаждык заводу мындан ары да дагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем деп билдирүү таратты ошентип лондон ассоциациясы макамды кайтарышы менен жылдын сентябрынан тарта карабалтадагы аффинаж заводунда өндүрүлгөн алтын куймаларды батыш базарында сатууга мүмкүнчүлүк ачылды кумтөрдүн алтыны архивдик сүрөт дагы караңыз кыргызстан кумтөрдүн алтынын кимге сатат макамы эмне жана ал эмне берет лондондогу баалуу металлдар ассоциациясы кыргызалтындан аффинаждоочу заводунун аккредитациясын былтыр сентябрда токтоткон эле ал учурда кыргыз бийлиги кумтөр кенине сырткы башкаруу киргизип канадалык центерра голд менен кайым айтыш уланып жаткан учур болчу дал ушундай учурда тагыраагы жылы июнда алдамчылыкка шек саноодон улам текшерип жыйынтыгында өлкөдөгү аффинаждоочу завод ишенимдүү алтын өндүрүүчү катары ырастаган статусунан ажыратылган бул макам кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты салмагы ишеничтүү экенин кепилдейт мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эч тоскоолдуксуз сатып алат кыргызалтын ишканасына караштуу карабалтадагы аффинаждоочу заводу деген статуска жылы ээ болгон андан бери бул заводдо аффинаждалган алтын куймалары эл аралык базарга сатылып келген кыргызстандагы кумтөр жерүй талдыбулаксол жээк сыяктуу кендерде казылган баалуу металлдар дал ушул карабалтадагы заводдо иштетилет заводдун жылына тоннага чейин алтынды аффинаждоого мүмкүнчүлүгү бар дал ушундай артылыкчылык белгисинен ажыратылган кыргызстан соңку бир жылда өз алтынын экспорт кылып келген батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган эле кумтөр кени май жыл дагы караңыз кумтөр эл ишенген алтын кени жаңы келишимди эл аралык коомчулук тааныдыбы андан бери өкмөт лондогу ассоциация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирип келген быйыл апрелде президент садыр жапаров кумтөр кени толугу менен кыргызстандын ээлигине өткөнүн жарыялаган ага ылайык кыргыз бийлиги өлкөдөгү ири алтын кенди иштетип келген канадалык центерра голд компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол койгону белгилүү болгон эле эми андан бир ай өткөн соң кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды батыш базарына тоскоолдуксуз сатууга жол ачылды макамын кайра кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан министрлер кабинетинин төрага орун басары эдил байсалов лондон баалуу металлдар ассоциациясынын соңку чечими кумтөр боюнча жаңы келишимдин эл аралык чөйрөдө таанылышы катары сыпаттады эдил байсалов эдил байсалов кумтөр боюнча келишимди апрелде президент садыр жапаров жарыялаган учурда көпчүлүбүз ал документтин түпкү маанисин жакшы түшүнүп туура баа бере алган эмеспиз анткени дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү алгач сырткы башкаруу киргизген учурда баскынчылык өзүм билемдик катары кабыл алып келсе апрелдеги келишим толугу менен мыйзамдуу цивилдүү сырткы инвесторлордун укугун сактаган маданият жагынан да укук жагынан да төп келишкен туура чечим болгонун акыркы аракеттер көрсөтүп жатат лондон баалуу металлдар бирикмесинин соңку чечими да дал ушул нерсени ырастап кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат бирок кумтөр маселеси боюнча бир нече жылдан бери алектенип келген активист наристе калчаев учурдагы бийликтин пикирине кошула албайт ал жаңы мүмкүнчүлүк жаралганын оңунан баалаганы менен кыргыз өкмөтүн кумтөрдөгү абал боюнча ачыкайкындыкты камсыз кылууга чакырууда наристе калчаев наристе калчаев бул макам эмнеден улам алынды эле кыргызалтындын кызматкерлеринин ишинин кемчилиги өз убагында кайдыгер мамиле кылганынан улам лондондогу ассоциация жаап койгон экен эми өздөрүнүн катасынан улам болгон ишти жеңиш деп жарыялаганы туура эмес болуп калат биз азыр кумтөрдөгү ачыкайкындыкты камсыз кылууну талап кылышыбыз керек бир жыл ичинде тонна алтын казылды деди ал кайда сатылды канча пайда болду канча чыгым кетти деген маалыматтар жабык эшик артында болуп жатат биз мындай маалыматты талап кылып жогорку кеңешке да кайрылганбыз жооп жок биз теңгиз бөлтүрүк баш болгон сырткы башкаруучулар отчет берсин деп кайрылуу жолдойлу деп жатабыз кумтөр кени дагы караңыз кумтөр оппозиция келишимден баш тартууга чакырды кыргыз бийлиги кумтөргө сырткы башкаруу киргизгенден тарта кенде өндүрүлгөн алтын сыртка сатыла электигин айтып келет буга чейин кумтөр голд компаниясы былтыр кенде миӊ кг алтын казып алынганы алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда млн долларды түздү деп отчет берген бирок бул алтындын кайда сакталып жатканы боюнча маалыматты ачыкка чыкпай келет апрелде министрлер кабинетинин төрагасы акылбек жапаров азаттыкка берген маегинде кумтөрдүн продукциясы кыргызстанда калат деп тастыктаган бирок чоожайын ачык айткан эмес эгемен кыргызстандын алгачкы баш мыйзамынын кабыл алынганына жыл толду ал эми өлкө толук президенттик башкарууга өткөн конституция күчүнө киргенине бир жыл болду оппозициялык бириккен демократиялык кыймыл баш мыйзамдын оошкыйышын карап күчтүү президенттик бийликти жана анын жоопкерчилигин талдап бүгүнкү конституция туңгуюкка алып барат деген аталышта жыйынга чогулду анда оппозиция өкүлдөрү бийликти бир колго топтоонун кесепеттерин эскертип анын жоопкерчилиги менен отчеттуулугу тууралуу маселени көтөрдү президенттик бийликти жактаган бийлик башкаруунун натыйжалуулугу менен жоопкерчилиги өскөнүн айтып оппозициянын дооматын четке кагууда парламенттик демократияга багыт оппозициялык кыймыл жыйында былтыр референдумда кабыл алынган баш мыйзамды талдап ал күчтүү президенттик бийликти камсыздаган менен жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктардын карамакаршылыгы сыяктуу көйгөлөрдү көргөзгөнүн белгиледи эсеби боюнча онунчу жолу оңдоо киргизилген соңку баш мыйзамда парламенттин ролу төмөндөп президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн садыр жапаров баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатат май жыл дагы караңыз баш мыйзам президенттик бийликти сынаган бир жыл бириккен демократиялык кыймылдын төрагасы равшан жээнбеков бул баш мыйзам бийликтин кызыкчылыгына гана иштеп жатканын айтып кыргызстан чыныгы парламенттик демократияга багыт алышы керек дейт равшан жээнбеков кыргызстан бириккен демократиялык кыймылынын төрагасы равшан жээнбеков кыргызстан бириккен демократиялык кыймылынын төрагасы башка көз караштагылардын саясатчылардын жарандык коом менен бийликтин ортосунда диалог болсун бийлик басмырлаганын куугунтуктаганын жана теңине албаганын токтотсун биз парламенттик демократияга алып бара турган адам укугун жана эркиндигин урматтаган бийлик бутактарынын тең салмагын камсыздаган жаңы баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрдүк президент баш мыйзамдын артыкчылыктарын айтты мамлекет башчысы садыр жапаров тескерисинче жаңы баш мыйзамдын артыкчылыктарын белгиледеди ал майда кыргызстандыктарды өлкөнүн конституция күнү менен куттуктаган кайрылуусунда жылы апрелдеги референдумда кабыл алынган баш мыйзам адилеттикке умтулууну жана теңчиликти камсыздай турганын билдирди